Home
< back | Август, 9, 2007 | forward >
diykanov [userpic]

"Нары бери, Том и Джерри"

Август, 9, 2007 (14:42)


***
www.azattyk.org
www.wikipedia.org
16-августа борбор калаа Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өз ишин баштайт. ШКУнун VII отурумуна катышуучу мамлекет башчыларынын тизмеси:

Казак Республикасынын президенти Нурсултан Абишевич Назарбаев,- 15 217 700 (калктын саны боюнча дуйнодо 61-орунда)

Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Салиевич Бакиев -5 146 281 (111-орунда)

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао, - 1 317 000 000 (1-орунда)

Россия Федерациясынын президенти Владимир Владимирович Путин, - 142 045 600 (8-орунда)

Өзбек Республикасынын президенти Ислам Абдуганиевич Каримов, -26 851 195 (42-орунда)

Тажик Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, - 7 163 506 (95-орунда)

 

ШКУга байкоочу мамлекеттерден:

Монголиянын президенти Намбарын Энхбаяр, - 2 832 224 (139-орунда)

Иран Ислам Республикасынын президенти Махмуд Ахмади-Нежад,-70 472 846 (18-орунда)

Пакистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Хуршид Касури,-162 419 946 (6-орунда)

Индия Республикасынын тышкы иштер-министри Пранаб Мукерджи,- 1 126 000 000 (2-орунда)

 

ШКУнун Бишкек саммитине чакырылган ардактуу коноктор:

Ооган Ислам Республикасынын президенти Хамид Карзай,

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов,

БУУнун баш катчысынын орун басары Линн Паско.

 
****

 

Дуйно калкынын саны - 6,7 млрд.(2007)

Шанхай кызматташтык уюмуна мучо олколордун калынын жалпы саны - 1,5 млрд.

ШКУга байкоочу мамлекеттер- 1,36 млрд.

 

Эгерде байкоочулар да ШКУ уюмуна мучо болушса анда дуйнодо жашаган элдин дээрлик жарымы биргишкен болот. (3 млрд.)

А наркы жээктеги Америка да колуну куушуруп отурбай, Россиянын капталындаги Грузия менен Украинага он колун сунуп эски замандагы эки полюстуу дуйно жузунун жаны версиясын башташкандай. Кызык жери Америкага таарынган Ирандын байкоочу болуп катышышы, бул уюмга алдыда  кошулушуна белги бергендей. Дагы бир кызыктуу нерсе Америкалыктар торундо ойноп жургон Афганистандын да ардактуу конок болуп чакырылышы. Туркмен агам да нейтралдыгын бузуп, пешту акам экоо келишине Россия менен Кытай жеке табак уюштуруп, "пулуну бизден аласын, экооно бирден бирден ак байтал сой"- деп озунчо адия кылып жатат окшойт. Кандай болбосун "Нары бери, Том и Джерри" сыяктуу мышык-чычкан оюну акыркы кезде калган жеринен уланып кызый баштады…

< back | Август, 9, 2007 | forward >